Бишкекте 1 жашар наристе кызамыктан каза болду
RU

Бишкекте 1 жашар наристе кызамыктан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада кызамыктан бир жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына медицина чөйрөсүндөгү булактар билдиришти.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын июль айынын аягында болгон. Кыз оор абалда ооруканага түшкөн. Анда кызамыктын алгачкы белгилери бир апта мурда пайда болгон. Дарыгерлер беш күн бою наристенин абалына көзөмөл кылган, бирок бейтаптын жүрөгү токтоп калган.

Белгилей кетчү нерсе, кыз кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн эмес, анын бир туугандары да. Ата-энеси эмдөөдөн баш тартышкан.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында акыркы убакта жогоруда айтылган окуяны кошкондо кызамыктан үч адам каза болду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13921