Түркияда дагы жер титиреди
RU

Түркияда дагы жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын чыгышында 12-август күнү түштөн кийин күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

Жер титирөөнүн очогу 440 миңден ашуун калкы бар Малатия шаарынан 8 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн булагы 17 чакырым тереңдикте катталган.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат жок.

Сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13924