Сейсмолог: Стамбулда күчү жети баллдан ашкан катуу жер титирөө күтүлөт
RU

Сейсмолог: Стамбулда күчү жети баллдан ашкан катуу жер титирөө күтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбулда күчү жети баллдан ашкан катуу жер титирөө күтүлүп жатат. Бул тууралуу РИА новости сейсмолог, Стамбулдун мэриясынын жер титирөөлөр боюнча окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Халук Эйидогандын сөзүнө таянып жазып чыкты.

"Мрамор деңизиндеги жарака активдешкен учурда күчтүү жер титирөө болот. 2030-жылга чейин мындай жер титирөөнүн ыктымалдыгы болжолдуу 50 пайызды түзөт. Бул аймактагы жер титирөөлөрдүн 2000 жылдык тарыхын жана сейсмикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талдоонун негизинде тыянак чыгып жатат", - деген сейсмолог.

Анын айтымында, жер титирөө 25 миллиондон ашык калкы бар жети провинциада болушу мүмкүн.

Сейсмолог илимпоздордун коркутуу максаты жок экенин, болгону алар жергиликтүү жашоочуларды мындай кырсыкка даярданууну эскерттип, келечекте мүмкүн боло турган зыянды азайтуу үчүн бийлик алдын ала керектүү чараларды көрөрүн түшүндүрүп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13396