Бостеридеги жигиттин өлүмү. Шектүүлөрдүн кармалышы боюнча видео эски экени маалымдалды
RU

Бостеридеги жигиттин өлүмү. Шектүүлөрдүн кармалышы боюнча видео эски экени маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 4 адам кармалганын ИИМден малымдап, видео жарыялаган. Шектүүлөрдү кармоо учурундагы видео эски экенин "Спутник" агенттиги жазды.

Анда ушул эле видео 2 жыл мурда Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы тарабынан YouTube каналга жүктөлгөнү айтылат. "Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Видеонун башында эски кадр колдонулуп, аягына Бостеридеги окуяга шектүүлөрдүн сүрөтү коюлган", - деп жазат "Спутник".

Ысык-Көл ОИИБи эски видео колдонулганын Kaktus.kg сайтына ырастап, буларды билдирди.

"Шектүүлөрдү кармоо иштери түн ичинде жүргүзүлгөндүктөн видеонун сапаты өтө начар болуп, көрүнбөй калган. Шектүүлөр Бишкектен, Бостериден кармалган. Болгону эски видеону колдонгонубузду архив деп көрсөтпөй калыптырбыз", - дешет облустук милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13937