Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баласына кол салуу болду
RU

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баласына кол салуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин уулуна Ысык-Көлдө кол салуу болду. Маалыматты Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар кабарлады.

Белгилүү болгондой, облустук милицияга 1984-жылы туулган Э.Н. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 9-июлда болжол менен саат 03:40 чамасында "Чайка" эс алуу үйүндө белгисиз адам ага кол салып, жаракат келтиргенин айткан. Ал эми 1985-жылы туулган О.К. аттуу таанышына учтуу нерсе менен оң бутуна жаракат келтиргенин кошумчалаган. Алар алган жаракатынан улам ооруканага кайрылышкан.

Бул окуя боюнча "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын Ы.Б. аттуу тургуну кармалды. Ал мурда сот жообуна тартылган.

Күч түзүмдөрүндөгү булактар Kaktus.media сайтына билдиришкендей, "Чайка резорт" пансионатынын аймагында Boho Beach Bar ресторанынын ачылышы болгон күнү мас абалындагы жарандардын ортосунда мушташ болгонун, арасында Жоомарт Оторбаевдин да уулу бар экенин айтышты.

Тергөөчүлөр шектүүнү 2 айга СИЗОго камакка алуу өтүнүчүн келтирген, бирок Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 15 күнгө камакка алган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар сотко өткөрүлдү.

Кийинчерээк Курманбай Оторбаев Kaktus.media редакциясына байланышып, чыр чыккан учурунда "Чайка резорт"пансионатында болгонун айтты.

"Бирок айта кетейин, мени эч ким бычактап же ооруканага жаткырган жок. Мен бул кылмыш иши боюнча күбө болгом. Билишимче тосмо арыз жазылган", - дейт Курманбай Оторбаев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13942