Кызамыктан 1 жана 3 жашар балдар каза болду
RU

Кызамыктан 1 жана 3 жашар балдар каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда кызамыктан эки бала каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, оорунун күчөп кетишинен улам эки өлүм катталган: Бишкекте (үч жашар бала) жана Чүй облусунда (бир жаштагы бала). Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ата-энелер диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандыктан, балдар профилактикалык эмдөө графиги боюнча эмдөө алышкан эмес.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык оорусу 1704 адамдан аныкталган. "Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы төрөлгөн балдарга вирустук гепатит жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн ата-энелердин баш тартуусу катталууда", - дешет аталган борбордон.

Дарыгерлер эскерткендей, кызамык өтүшүп кетүүсү менен коркунучтуу: өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши өрчүп, сокурдукка алып келет. Курчуп кетсе өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Кызамыкка каршы вакцина балага 12 айында, ревакцинация 6 жашында жүргүзүлөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: 123RF/sypailovak.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13943