Боомдо микроавтобус менен жеңил унаа бетме-бет сүзүштү (видео)
RU

Боомдо микроавтобус менен жеңил унаа бетме-бет сүзүштү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында микроавтобус менен жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Окуя болгон жерден видеону күбөлөр Kaktus.media сайтына жөнөтүшкөн.

Маалым болгондой, 15-августта саат 17:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында Мерседес-Бенц Вито жана Тойота Авенсис үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышкан.

Окуя болгон жерде Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп жатат. Жабырлануучулар тууралуу маалымат азырынча бериле элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13963