УКМК Рамзан Кадыровду сындаган активисттин кармалышы боюнча маалымат таратты
RU

УКМК Рамзан Кадыровду сындаган активисттин кармалышы боюнча маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рамзан Кадыровду сындаган Мансур Мовлаевдин Кыргызстанда кармалышы боюнча УКМК маалымат берди. Коопсуздук комитеттин билдирүүсүндө Мовлаев мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү, ал Ысык-Көл облусунда кармалганы айтылат.

"20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында радикалдык идеологияны карманган (16.08.2022-жылдан бери), мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Россия Федерациясынын М.М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды. Сириядагы экстремисттик-террордук уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ал ЭТУну каржылоо максатында Кыргызстандагы колунда бар жарандарды карактап, кол салууларды жасоо ниетинде мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Ал Россия Федерациясынын жаранынын жасалма паспортун колдонуу менен Кыргызстандын аймагында жүргөн.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова 20-августта "Манас" аэропортунан чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын жазган.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантыларын кошумчалашты УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14042