Жүздөгөн унаа кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү кырдаал
RU

Жүздөгөн унаа кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү кырдаал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктундагы абал боюнча 22-августка карата маалымат таратты. Анда чек арада унаалардын топтолуп калганы кабарланды.

Белгилүү болгондой, саат 12:00гө карата Казакстанга кирүү үчүн 430га жакын унаа кезекте турат. Кечээтен бери Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа кирди.

Чек ара кызматы кыргыз тарап көзөмөл өткөрмө пункттарына эч кандай чектөө киргизбегенин, иш штаттык режимде улантылып жатканын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14059