Ак-Сууда зордукталып, сабалган аялдын окуясы. Кайра комплекстүү экспертиза дайындалды
RU

Ак-Сууда зордукталып, сабалган аялдын окуясы. Кайра комплекстүү экспертиза дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 51 жаштагы аял айылдашы тарабынан зордукталып, шектүү камакка алынган. Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалдган.

Экспертизанын корутундусу чыккандан кийин жабырлануучу тарап Ак-Суу РИИБине ишенбестик көрсөттү. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

"Мурда дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу катнаш болгонун ырастаган. Андан кийин жабырлануучу тарап Ак-Суу РИИБге ишенбестик көрсөтүп, ишти Каракол ШИИБи карай турган болду. Мындан улам кайрадан комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертиза Бишкекте жүргүзүлөт", - дешти облустук милициядан.

*****

30-июлда интернетке зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. 24-июлда айылдашы аны унаага күч менен салып, зордуктап андан кийин чуңкурга ыргытып жибергенин айткан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазган.

Бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жибергенин айткан жабырлануучу Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

1-августта Жогорку Соттон шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдиришкен. Ал эми шектүү кайра кармалып, 2 айга СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14062