Ак-Суудагы зордукталган аялдын окуясы. Шектүү 2 айга камакка алынды
RU

Ак-Суудагы зордукталган аялдын окуясы. Шектүү 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 51 жаштагы аялды зордуктоого шектүү камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Суу райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Учурда шектүү СИЗОго киргизилди.

Окуя тууралуу

30-июлда интернетке зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. Айтымында, окуя 24-июлда болгон. Айылдашы аны унаага күч менен салып, зордуктап андан кийин чуңкурга ыргытып жиберген. Ал чуңкурдан эптеп чыгып, үйгө өзү барганын айткан. Бул окуядан кийин ал ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазылган.

Жабырлануучу шектүү кармалганын, бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жибергенин айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

Жогорку Соттун реакциясы

Ак-Суу райондук сотунун чечими нааразычылык жаратып, буга Жогорку Сот реакция жасады. 1-августта Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков шектүүнү үй камагына чыгарган судья А.Мойдуновдун аракети боюнча чукул жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында райондук сот кызматтан өз каалоосу кетүү боюнча арыз жазып, анын арызы Соттор кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

Тергөөнүн жүрүшү тууралуу милициянын маалыматы

Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалдган. Ишти Ак-Суу РИИБи тергеп жатканын айтышат облустук милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13766