Кант диабети менен күрөшүп жаткан Ташчайнар ден соолугу тууралуу айтты
RU

Кант диабети менен күрөшүп жаткан Ташчайнар ден соолугу тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеров ден соолугу тууралуу SuperTV телеканалына курган маегинде айтып берди. Белгилесек ал мындан 3 жыл мурда кант диабетине чалдыккан.

"Кант диабетине чалдыккандан бери 6 ай сайын пландуу дарылануудан өтүп турам. Ооруканага жатып чыктым. Дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн, дары-дармектерди убакыт сааты менен ичип турам. Кант диабети өзгөчө жаман экен, өзүң түшүнбөй каласың. Өзгөчө ысык аба ырайында кыйын, көлөкө издеп эле каласың", - дейт.

Алишеров учурда унаа оңдоо менен алектенет, анын жардамчылары бар. Андан тышкары таксист катары кызмат көрсөтүп турат.

"Ден соолугума байланыштуу оор эмес жумуштарды отуруп жасай берем. Азыр жүк ташуучу унаанын салонундагы отургучтарды, эшиктин ички капталын каптап жатам. Кээде жетишпей баратсам уулум жардам берет", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14073