Боорунан жабыркаган Рустам Сагыналиев донор маселеси дале чечилбей жатканын айтты
RU

Боорунан жабыркаган Рустам Сагыналиев донор маселеси дале чечилбей жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев боорун алмаштырууга муктаж болуп, чет өлкөгө чейин барып келген. Бүгүнкү күнгө дейре донор чыкпай жатканына байланыштуу ага операция жасала элек. Бул туурасында ал ЭМИР АРСТАНБЕК уулунун YouTube каналына берген маегинде айтат.

Рустам Сагыналиев 20 жыл мурда сарык болуп, аябай жакшы дарылангам дейт.

"Боордун ооруганы билинбейт экен. Мындай ооруга кабылам деп 3 уктасам түшүмө кирчү эмес. Өзүм сезип жүргөм. Филармонияда эмгектенем, ошол жактагы агайдын байбичеси ооругандарды Индияга алып барып, ал жактан дарыларды алып келип жүрөт. Ошол эже мени менен Индияга барып келбейсиңби деп жүрдү. Бир күнү баргым келип Индияга жөнөдүк. Ал жактан боордун бир канча пайызы эле калганын, тез арада алмаштыруу керектигин, колдон келсе эртерээк жасоону айтышты. Жаман кабарды укканда балта менен башка чапкандай болду", - деди ал.

Ырчы диагнозун уккандан кийин каражатты кайдан табам деп ойго батканын айтат.

"Донор маселесин ойлонбой эле биринчи 40 миң долларды кайдан табам дедим. Ошол жерден башка эле бир жакка кетип калгым келди. Үй-бүлөмө залакасы тийбесин деген да ойлор жаралды. Досум Чыңгыз Мырзаевге чалдым, ал да шок болду. Кабарды угары менен досум филармонияга барып, кайрымдуулук концертин уюштуралы дептир.

Кыргызстанга келгенде мага керек болгон каражаттын 80% чогулуп калыптыр.

Өнөрдүн артынан тапкан жалпы кыргызстандык бир туугандарыма ыраазычылыгымды билдирем. Берген жардамыңыздар менден кайтпаса да Кудайдан кайтсын".

Рустам Сагыналиев бир канча жыл мурда Жалал-Абад облусунда гастролдоп жүргөндө тишин жулдурганын, андан кийин эле ооруп, 6 ай ооруканада дарыланып чыкканын кошумчалайт.

"Донор маселеси жаралып калды, 4 бир тууганымдын арасынан бирөө чыгат деп ойлогом. Алар төртөө тең барарын, кимисинин каны туура келсе ошол донор болот дешти. Текшере келгенде агам экөөбүздүн каныбыз дал келди.

Бирок анын боорунда да бир маселе бар экен, ал өзү дарыланууга мажбур болуп калды. Бөлөмдүн (таежемдин баласы) каны туура келип, операцияга жөнөрдө ал баш тартып койду.

Ошол убакта таарындым, азыр болсо Кудайдын берген өмүрүн жашайм деп калдым. Бир классташым да донор боло алмак, бирок аны да түшүнөм. Андан башка 21 жаштагы бир тууган жээнимдин каны туура келди. Ага ушунчалык ыраазымын, жүрөгү тоодой экен. Мени менен Индияга барды, бирок дарыгерлер анын боору өзүнө эле жетиштүү деп түшүндүрүштү. Мага колдон келсе бир туугандар донор болгону жакшы дешти. Азыр донор маселесинен түңүлдүм. Кантсе да үмүтүмдү үзө элекмин", - дейт ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13665