Сакал аты менен таанымал кримтөбөл Токтосуновдун жакындары ЖАКтын алдына чогулду
RU

Сакал аты менен таанымал кримтөбөл Токтосуновдун жакындары ЖАКтын алдына чогулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматынын алдына бүгүн, 23-августта Сакал каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакындары чогулду. Алар Токтосуновду Нарындагы СИЗО-4төн Бишкектеги СИЗО-1ге которууга каршы болушууда.

Топтолгондордун алдына ЖАКтын өкүлү чыгып, Токтосуновдун үч жакын тууганын имаратка алып кирди.

Буга чейин Токтосуновду СИЗО-1ге которуп жатканын жактоочусу жана жакындары айтышкан. Алар Токтосуновдун өмүрүнө кооптонушууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14077