Сузакта бутун чөп чапкыч кесип кеткен кыздын окуясы. Экинчи операция жасалды
RU

Сузакта бутун чөп чапкыч кесип кеткен кыздын окуясы. Экинчи операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта оң бутун чөп чапкыч кесип кеткен 13 жаштагы кызга бүгүн, 25-агустта экинчи операция жасалды. Бул тууралуу облустук балдар ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова Kaktus.kg сайтына билдирди.

Дарыгердин айтымында, кыздын буту ампутацияланат.

"23-августта ооруканага 13 жаштагы кыз түшкөн. Анын оң бутунун кызыл ашыгынан өйдө жагы кесилип, сол бутунан бир аз жаракат алган. Бишкектен Ошко барган хирург чакыртылып, ошол эле күнү кыздын буту уланып тигилген. Бирок бутунун эти бири-бирине кармалбай, гангрена боло баштаган. Бүгүн экинчи операция жасалып, бутун кесип салууга туура келет", - дейт Рахманова.

Белгилесек, 23-августта Атабеков айыл аймагында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен талаада жүгөрү кайрып жүргөн. Ошол учурда жакын жердеги трактор косилкасы кокусунан кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен. Окуя боюнча милиция териштирүү баштаган. Бирок кыздын атасы эч кимге доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: taringa.net.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14121