Кыргызстандыктар сентябрдан тарта ID паспорт менен Өзбекстанга кире алат
RU

Кыргызстандыктар сентябрдан тарта ID паспорт менен Өзбекстанга кире алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эми кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул эреже 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт.

Маалымдалгандай, 2023-жылдын 27-январында Бишкекте кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Жоомарт Ураимов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14122