ЖККББнын башкы инспектору орусиялык жарандан пара талап кылган деп кармалды
RU

ЖККББнын башкы инспектору орусиялык жарандан пара талап кылган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкы инспектору кармалды. УКМКнын маалыматында кызматкер пара талап кылууга шектелгени айтылат.

Такталгандай, 9-августта ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А.К. жеке автомектептин инструктору менен практикалык айдоо сабагына чыккан Россия Федерациясынын жараны А.С.Еден опузалап акча талап кылган.

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптап, коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен жабырланучуудан 10000 сом акча алган.

24-августта 343-берененин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда пара катары 10000 сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайра кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14131