Мелис Аспеков УКМК 10 миң доллар кайтарып бергенин айтты
RU

Мелис Аспеков УКМК 10 миң доллар кайтарып бергенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков Facebook баракчасына УКМК жана сот менен алышкан каттарын көрсөттү. Муну менен ал өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө аракет кылган.

Активисттин айтымында, 2021-жылдын 9-январында кармоо учурунда андан 5 миң доллар жана 15 миң сом алынган. Ошол эле жылдын 18-февралында тергөөчү дагы 5 миң долларды документтештирип, андан кийин тергөө иш-чараларынын алкагында өз ыктыяры менен которулган.

Активист комитеттен ага акчаны кайтарып берүүнү суранган. Документте УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун төрагасына түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кат жолдогон. Анткени алынган каражаттар тууралуу өкүмдө эч нерсе айтылган эмес.

Ал эми соттон Мелис Аспековдун өтүнүчүнө: алынган акча буюм далил катары таанылган эмес деп жооп беришкен.

Мелис Аспеков бул практика анын күнөөсүз экенин далилдейт деп эсептейт.

"Мага УКМК 10 миң доллар жана 15 миң сом кайрып берди. Бул каражатты мени мыйзамсыз кармап жатканда өз ыктыярым менен бергем.

Мага бул каражатты кайрып бергени, менин 100% күнөөм жок экенини билдирет. Кайсы кылмышкердин акчасын ушинти кайрып берди эле?", - деп жазды Аспеков.

Эске салсак, Мелис Аспековго "Кыргыз темир жолу" ишканасынын экс-директору Василий Дашковдон алдамчылык жана 250 миң доллар талап кылган деген айып тагылган. Өткөн жылы ал 7 жылга эркинен ажыратылган. 23-майда Садыр Жапаровдун соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндөгү жарлыгына ылайык бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14132