Саясий активист Мелис Аспеков бошотулду
RU

Саясий активист Мелис Аспеков бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясий ишмер Мелис Аспеков бошотулду. Маалыматты Kaktus.media сайтына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыктады.

Аспеков Молдовановкадагы колонияда жазасын өтөп жаткан. 23-майда ал бошотулду. Анын бошотулушунун себеби айтылган жок.

Белгилей кетсек, буга чейин "24.kg" маалымат агенттиги Аспеков соттолгондорго ырайым кылуу менен бошотулганын билдирген. Президент Садыр Жапаров ырайым кылуу боюнча жарлыкка 23-майда кол койгон.

Эске салсак, Мелис Аспековго "Кыргыз темир жолу" ишканасынын экс-директору Василий Дашковдон алдамчылык жана 250 миң доллар талап кылган деген айып тагылган. Ал 7 жылга эркинен ажыратылган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12625