Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды бир туугандык духта жөнгө салууну тапшырды
RU

Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды бир туугандык духта жөнгө салууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамилелердин духунда жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Tengrinews.kz Акорданын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазат.

Маалыматта айтылгандай, чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы белгиленген.

Эске салсак, кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстанга өтө албай чек ара пункттарында узун кезек жаралган. Буга чейин Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү токтоткон. Айдоочулар муну сууга байланыштуу саясат дешкен. Кыргыз-казак чек арасындагы абалды талдоо үчүн Кыргызстанга Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14133