Чек арада тыгында турган унаалардын айдоочуларына жергиликтүү тургундар тамак беришүүдө
RU

Чек арада тыгында турган унаалардын айдоочуларына жергиликтүү тургундар тамак беришүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусундагы жүк ташуучу унаалар топтолуп калган "Кең-Булуң – Автодорожный" жана "Ак-Тилек – Автодорожный" постторунда айдоочуларга ысык тамак берилип жатат. Окуя болгон жерден сүрөттөрдү президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы таратты.

[/gallery2]

Маалым болгондой, ысык тамак менен камсыз кылуу жагы жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине жана ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлдү. Ошондой эле, камкор жергиликтүү тургундар айдоочуларды суу жана суусундуктар менен камсыз кылышууда.

Эскерте кетсек, 21-августтан бери Кыргызстандын жүк ташуучулары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларнын тыгыны пайда болуп, өтө жай өтүп жатканын айтып келишет. Ошол эле күнү Кыргызстандын чек ара кызматы чек арадагы жүк ташуучу унааларды казак тарапка өткөрбөй жатканын билдирген. Казакстанда жүк ташуучу унаалардын топтолушуна маңзаттарды кармоо операциясы себеп болушу мүмкүн экенин айтышкан. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү да эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда чечилбеген саясий маселелерден, анын ичинде сугат суусунан улам жапа чегип жатышканын айтып жатышат. Кырдаал 23-августта да, 24-августта да чечилген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14107