УКМК Мелис Аспеков коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатканын маалымдады
RU

УКМК Мелис Аспеков коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатканын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков УКМК ага 10 миң доллар жана 15 миң сом кайтарып бергенин соцтармактагы баракчасына жазган. Коопсуздук комитети анын айткандарын четке кагып, ал коомчулуктуу адаштырууга аракет кылып жатканын маалымдады.

УКМКнын билдирүүсүндө Мелис Аспеков алынган акчаларды кайтарып берүү анын күнөөсүз экендигин далилдейт деген жалган маалымат тараткан деп айтылат.

"2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, андан кийин кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Аспеков менен Жураев өзүн Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Аспековго, Жураевге карата кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022-жылдын 23-мартындагы соттун өкүмү менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылга. Ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда жаза өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Аспеков бул өкүмгө жана баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, Бишкек шаардык сотуна даттануу жиберилген. 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиянын чечими менен Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. Бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, жаза өтөө мөөнөтү 6 жылга белгиленген.

Ага кайтарылган акча - тинтүү учурунда табылып, далил буюм болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон. Айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, алынган акча кайтарылган.

Аспеков опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү делинип соттолгон, күнөөсүздүк үчүн ага таандык мүлктү мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт. "УКМК акчамды кайтарды" деп коомчулукту атайылап адаштырууга аракет кылууда. Кылмышкер Аспековдун фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгү коомдук пикирди өзгөртүүгө, кандайдыр бир деңгээлде болсо да көңүл бурууга жана жасаган кылмыш ишине ойдон чыгарылган саясий баа берүүгө болгон курулай аракеттери ачык көрүнүп турат", - дешет комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14148