"Эркин ЖМКларды коргоого чакырабыз". Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү жасады
RU

"Эркин ЖМКларды коргоого чакырабыз". Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын медиа коомчулугу менен жарандык коому Бишкек шаардык прокуратурасынын "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча доо арызына байланыштуу кайрылуу жасашты.

Кайрылуу текстин толугу менен беребиз.

"Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы алдында Бишкектин прокуратурасы "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча доо арызын Октябрь жана Биринчи Май шаардык сотторуна берди. Документте айтылгандай, доо арыз жазууга "уставда каралган ишмердүүлүктүн чегинен чыкканы" себеп болгон.

Прокуратуранын көз карандысыз, белгилүү басылманы жабуу демилгеси "Клооп Медианын" Кыргызстандагы "Барселона" футбол клубунун франшизасын ачууда жогорку кызматтагы аткаминерлердин жакындарынын жана туугандарынын катышы бар экендиги жөнүндө иликтөө жарыялагандан кийин пайда болгону дароо көзгө урунат. Жалпысынан өлкө башындагы аткаминерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө журналисттик иликтөө жасагандарга карата репрессиялар башталган тенденция байкалууда. Бул - репрессиялар бир гана терс маалымат үчүн жана мамлекетти, мамлекеттик органдарды сындаганы үчүн эмес, өлкө башында турган белгилүү бир адамдарга байланыштуу дегенди билдирет. Жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдын мунай бизнесине байланышы бар туугандары жөнүндө иликтөөсүнөн кийин өлкөдөн чыгарылган Болот Темировду же төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, президенттин жана УКМК төрагасын ачык маекке чакырган, 31-августта бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы нааразычылык акциясын өткөрүүнү каалаган, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген Олжобай Шакирди эстейличи.

Эми кезек КKloop Media`да. Өз доо арызында шаардык прокуратура Kloop Media`ны "саясий кырдаалга алдын ала баа бербей, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, Баткен облусундагы көйгөйлөрдү чагылдырып жатып", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн чек арага жакын аймактын социалдык жана экономикалык абалын турукташтырууга багытталган аракеттерин эске албаганына" айыптап жатат. Бишкек прокуратурасынын ою боюнча: "Сайтта жана социалдык тармактарда жарыяланып жаткан материалдар азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатты кескин сындоого багытталган. Мындан тышкары материалдардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик муниципиалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган терс мүнөздө".

Коюлган айыптар бир гана 1937-жылдагы чоң террор учурундагы лексиконду кайталаган жок. Бул айыптоолор КР бийлиги жок дегенде мыйзамга ылайык иштеп жаткандай түр көрсөтпөй калганын айгинелеп турат.

Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамы бийликти сындоого тыюу салбайт. Буга карабай, бийлик жаңы эрежелерин киргизүүдө. Ага ылайык, Кыргызстандын ЖМКлары бийликти начар иши үчүн сындоо укугунан ажырайт. Журналисттер өлкөдөгү көйгөйлөрдү ачык айта алышпайт. Бул үчүн ЖМКны жаап коё алышат.

Укук коргоо органдары ЖМКга карата мыйзамдарды негизсиз жана одоно колдонуунун үлгүсүн көрсөтүүдө. Укуктук нормалар тергөөчүнүн эркине, жогору жактын көрсөтмөсүнө жараша каалагандай чечмеленип, "кулактан чоюлуп", кылмыш-жаза мыйзамдары жана Кыргызстан жарандарынын конституциялык негизги укуктары көзгө илинген жок.

Мындай шартта сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнүп кереги жок.

Kloop Media`ны жабуу демилгеси жана көз карандысыз ЖМКга карата болуп жаткан бүгүнкү болуп көрбөгөндөй басым - бул медиа уюмдар жана бийликке альтернатива пикир жарыялаган жана жогору кызматтагы аткаминерлерди сындаган журналисттер үчүн эле жаралып жаткан коркунуч эмес. Бул азыркы бийликтин саясатына каршы келген пикирлерди ачык айтып жаткан бардык жарандар, социалдык тармактын колдонуучулары үчүн жаралып жаткан коркунуч. Сиздин айтканыңыз дагы "коомдун, эмоцианалдык, психологиялык абалына терс таасир тийгизген" болуп калышы ыктымал".

Бийликтин риторикасы коркунучтуу, укук коргоо органдарынын аракеттери мыйзамсыз.

Биз бийликти эркин ЖМКларга карата системдүү басымды токтотууга чакырабыз. Кыргызстан элин эркин медианы коргоого, ал эми эл аралык коомчулукту эркин ЖМКларды жок кылуу аракетин сынга алууга чакырабыз.

Кол койгондор:

  • Семетей Аманбеков -"Bulak.KG"
  • Асел Сооронбаева - "Чекит.медиа"
  • Аделя Лаишева - медиа эксперт
  • Махинур Ниязова,
  • Дарья Подольская,
  • Асел Оторбаева,
  • 24.kg маалымат агенттиги
  • Тамара Валиева - КРнын медиа аракеттер платформасынын төрайымы, ЖМКга каршы арыздарды кароо комиссиясынын төрайымы
  • Назира Жусупова - Жамааттык ЖМКлар ассоциациясы
  • Гладис Темирчиева - Vesti.kg жана Иликтөө журналистикасынын фонду
  • Аскер Сакыбаева - журналист
  • Авланбек Жумабаев - медиа кеңешчи
  • Кайыргүл Урумканова - GovoriTV
  • Лейла Саралаева - КР ЖКнын депутаттыгына талапкер, "Новые лица" басылмасынын башкы редактору
  • Нургүл Абдыкеримова - "Медиа өнүгүү борбору"
  • Нургүл Шаршембиева - "Журналисттер үйү" коомдук бирикмеси, Каракол шаары
  • Өмүрбек Сатаев - журналист
  • Адил Турдукулов - "ТВ Академия"
  • Эркина Убышева - "Ассоциация Смарт Жаран"
  • Бакыт Сатыбеков - "Жарандык демилгелерди сүрөө альянсы", "Өнүгүүгө расмий жардам берүү форуму" коомдук бирикмелери
  • Айзат Русланова - "Борбор Азиядагы дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясы" коомдук фонду
  • Дина Маслова - Kaktus.media
  • Татыбубу Эргешбаева - юристтер коомчулугу "Тандем"
  • Жаркынай Ибраева - "Долон", Нарын
  • Азиза Абдирасулова - укук коргоочу
  • Булат Сатаркулов - "Поколение 21" коомдук фонду
  • Марат Токоев - журналист
  • Жылдызбек Керимбаев - Bulak.KG
  • Дильбар Алимова - "Политклиника"
  • Динара Ошурахунова - укук коргоочу
  • Гульгакы Мамасалиева - укук коргоочу
  • Акылбек Ташбулатов - укук коргоочу
  • Али Токтакунов - "Медиахаб"
  • Алмаз Тажыбай - мамлекеттик саясат талдоо борбору
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14176