Шаардык прокуратура Kloop басылмасын жабуу арызы менен сотко кайрылды
RU

Шаардык прокуратура Kloop басылмасын жабуу арызы менен сотко кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kloop.kg`ге Бишкектин Октябрь райондук сотунан редакцияны жабуу боюнча билдирүү түштү. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Kloop.mediaнын журналисттери билдиришти.

Доо арызда "Клооп Медиа" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-беренесинин ("Юридикалык жакты жоюу") 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жоюлуп жаткандыгы айтылган.

Конституциянын 105-беренесине ылайык, прокуратура органдары мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат жана алар "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга ылайык, процесстин кайсы гана этабында болбосун, эгерде бул жарандардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын коргоо талап кылса сотко кайрылууга укуктуу экени айтылат.

Прокуратурадан Kloop басылмасы жарыялаган материалдарында "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылат деп билдиришет.

Прокуратуранын катында Kloop`ко карата 2021-жылы ноябрда УКМК "Бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылат.

Көзөмөл органы андан ары бир катар макалалардын тизмесин келтирген (тиркелген документти караңыз). УКМКнын 2022-жылдын 11-ноябрындагы соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизасынын жыйынтыгы боюнча бул материалдарда чындыкка дал келген терс процесстер таңууланган коомдун пикирин жашырган бурмалоолор камтылганы, ошондой эле азыркы бийликтин ар кандай аракеттерине каршылык жаратканы белгиленген.

"Клооп Медиа" коомдук фондунун 2023-жылдын мартындагы уставын талдоодо аталган фонд коммерциялык эмес уюм экенин көрсөткөнүн белгилейт. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамда тескөөчүлөрдүн ишинин айрым түрлөрүнө чектөөлөр мыйзам тарабынан гана белгилениши мүмкүн болгон ченем бар. Иштин айрым түрлөрү лицензия же атайын уруксат аркылуу гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

"Буга байланыштуу фонд маалымат таратуу менен алектене албайт, анткени бул тууралуу фонддун уставында белгилен эмес. Андыктан маалымат таратууга каттоодон өткөндөн кийин гана жол берилет. Ошондуктан Жарандык кодекске ылайык, мындай юридикалык жак иш-аракетин тийиштүү буйруксуз жүргүзгөн учурда соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн", - деп белгилейт прокуратура.

Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотунан фондду жоюуну өтүнүчүн келтирет.

Буга чейин Садыр Жапаров аталган басылманын иликтөөсүнөн кийин сын-пикирин айткан.

"Ошол "Клооп" баш болгон башка сайттар, өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошол үчүн мактачусуңар", - деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14155