Ош шаарында 45,3 миллион сомго курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк ачылды
RU

Ош шаарында 45,3 миллион сомго курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында Масалиев/Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү асма өтмөк ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Калаа башкармалыгынан Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталганын эскертет. Жумуштар 100%га аяктап жол бүгүндөн тарта ачылды.

Муну менен катар Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да шаар тургундары жана коноктору үчүн толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал эми шаар тургундарына тоскоолдук жаратпаган абалда кошумча жасалчу майда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта ал иштерди бүткөрүү мерчемделген.

Белгилей кетсек, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү асма көпүрөнү курууга жергиликтүү бюджеттен 45,3 миллион сом жумшалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14194