Камчыбек Ташиев көк бөрү оюнунда тополоң чыгаргандар жазага тартыларын айтты
RU

Камчыбек Ташиев көк бөрү оюнунда тополоң чыгаргандар жазага тартыларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-августта Ошто көк-бөрү боюнча президенттин кубогу ызы-чуу менен аяктады. Бул инцидент боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады. Ал тополоңго тиешеси барлар жоопко тартыларын айтат.

"Жакшы эмес 5-10 адамдын кылганынан улам көпчүлүк эл эмоцияга, кызуулукка алдырышып, тополоң жасаганга аракет кылышты. Бирок биз ынтымактуу болуп, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын сактаганга ар бирибиз милдеттүүбүз. Бул деген спорт, бири утат, бири утулат.

Ошол жердеги айрым провокаторлордун жасаган иштери боюнча мен укук коргоо жана коопсуздук органдарына тапшырма бердим. Бардык видеолорду, фактыларды топтотушп, кайсы адамдар баштаган, себепкер болгондорду аныктап, тактап, ар бирине мыйзам чегинде чара көрүлөт. Тополоң кылгандар жазасыз калбайт", - дейт ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аймак-аймактарга бөлүнбөй, ынтымакты бузган провокаторлордун сөзүнө алдырбоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14202