Президент "футбол эле ойноп жүрөт" деп сындагандарга жооп берди
RU

Президент "футбол эле ойноп жүрөт" деп сындагандарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн аптада Жалал-Абадда "Барселонанын" футбол академиясынын ачылып, "Барселона" легендалары Кыргызстанга келип, Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салынды. Стадион кайсы каражатка курулуп жатканын, "футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы" деп сындагандарга президент "Кабар" агенттиги аркылуу жооп берди.

Президент белгилегендей, Орок айылындагы стадион мамлекеттин акчасына курулат.

"Ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына курулат. 35 миң көрүүчүгө ылайык болот. Эл аралык мелдештерди өткөргөнгө ылайыкталып жатат. Дүйнөлүк стандартка жооп берет", - дейт.

Ал эми сын айткандарга күндө эле футболдук беттеш боло бербей турганын, убактысы жок экенин айтат.

"Кыргызда "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Анысыңарындай, күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убакытым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май анан декабрь айында министрликтер арасында "Мурас" футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук? Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай спортко кызыксын дедик.

"Спорт ден соолуктун булагы" дейт. "Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот". Жаштар биздин келечегибиз. Кары, жашыбыз дебей баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко баргыла. Ошол пайдалуураак болот силерге. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14206