Бишкекте "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салынды
RU

Бишкекте "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-августта испаниялык "Барселона" футбол клубунун Бишкек шаарындагы академиясынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Мезгил кутусун салуу аземине өлкө башчы Садыр Жапаров, "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, ошондой эле каталониялык команданын атактуу экс-оюнчулары катышты. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабрлашты.

Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана "Барселона" (Barça) бренди менен мейманкана курулат.

Комплекстин долбооруна 1000 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп жана 700 орундуу бала бакча дагы кирет. Академияда 240-300 тарбиялануучу туруктуу негизде окуп, аймактардан дагы 2 миңге жакын бала футбол академиясынын секцияларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 10 млрд сомго жакын. Комплекстин курулушун 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда.

Президент бүгүнкү күндө Кыргызстанда заманбап спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын ырастады. Бул багыттагы иштер артычылыктуу милдеттерден болуп саналат жана Жалал-Абад шаарында ачылып, бүгүн Бишкекте пайдубалы түптөлүп жаткан футбол академиялары муну айкын көрсөтүп турат дейт.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогуна жана дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларына кызуу даярдык көрүп жатканын, Жалал-Абаддагы академия ал үчүн сапаттуу машыгууларды өткөрүүгө жакшы шарт түзүп берерин белгиледи.

Соңунда Садыр Жапаров "Барселона" футболдук клубунун президенти Жоан Лапортага, бул команданын легендарлуу оюнчуларына Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги академиялардын тарбиялануучуларынан футбол легендалары чыксын деген тилегин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14190