Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда 3 мектептин курулушуна старт берет
RU

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда 3 мектептин курулушуна старт берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда өлкө бшачы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда кыргыз-орус мектепринин курулушуна старт берет. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын символдоштурган алгачкы кыргыз-орус 3 мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу аземи өтөт. Ага Жапаров менен Путин видеокөпүрө форматында катышат.

"Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.

Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат", - деп жазды Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14209