Россия Кыргызстанга 500 миллион долларга тогуз мектеп курушу мүмкүн
RU

Россия Кыргызстанга 500 миллион долларга тогуз мектеп курушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакынкы жылдары Россия менен Кыргызстандын бийлиги Кыргызстандын аймагына жалпы суммасы 500 миллион долларга тогуз мектеп курушу мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.

"Жакынкы 10 жылда бизде калктын саны көбөйөт. Биз барган сайын балдардын саны өсүп жатат. Бизде совет доорунда курулган эски мектептерди калыбына келтирүү маселеси турат. Ошондой эле жыл сайын ар бири 500 орундуу болгон 20-24 жаңы мектеп курушубуз керек. Россиянын өкмөтү менен тогуз мектеп куруу боюнча жакшы келишимдерибиз бар. Бул болжол менен 280 миллион доллар деп эсептедик. Бизге Орусиянын президенттик аппаратынын кызматкерлери келип, санап бүттүк деп, 500 миллион болуп чыкты. Биз макулбуз",- деди ал.

Акылбек Жапаров жаңы мектептер эртеңки күн үчүн, замандын талабына жараша билим уялары болорун айтты. Ал балдар атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чоңоюшу үчүн, өлкөбүздө жашап, дүйнө жүзү боюнча иштеши үчүн ушундай мектептерди куруу керек деп эсептейт.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10851