Оштогу ипподромдо орун алган тополоңдо 100дөй адам жабыркады
RU

Оштогу ипподромдо орун алган тополоңдо 100дөй адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу ипподромдо орун алган массалык башаламандыктан кийин жүзгө жакын адам медициналык жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ош облусунун саламаттыкты сактоо координаторунун маалыматына таянуу менен билдирди.

"Аларга атайын орнотулган медициналык чатырларда амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Жабыркагандар негизинен көгала болушкан", - деп билдирди министрлик.

Мындан тышкары укук коргоо органынын кызматкери жаракат алган. Ал Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Анын абалы да туруктуу деп бааланууда. Ошондой эле "Тез жардам" унаасы талкаланып, айдоочу жабыркаган. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Андан сырткары оюн учурунда улакчы аттан кулап, жаракат алган. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Учурда анын абалы туруктуу. Жабырлануучу Ош облустук бириккен ооруканасында дарыланууда.

Эске салсак, 31-августта Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата президенттик көк бөрү боюнча турнир өткөн. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыгып, оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, буга көрүүчүлөр нааразы болушкан. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу оюн талаага чуркап чыгып, тополоң башталган.

Оюндун финалына Садыр Жапаров да күбө болду. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тополоңду баштагандарды, катышкандарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14204