Министрлик TikTok`ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок экенин билдирди
RU

Министрлик TikTok`ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок экенин билдирди. Белгилесек, 30-августта министрлик аталган тиркемеге бөгөт коюу чечимин кабыл алганы маалым болгон.

Маданият министрлиги бул чечимин балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүрдү.

TikTok социалдык тармагында балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн чектеген функция жок. Ошондой эле анда тиркемедеги маалыматка кирүү учурунда колдонуучулардын жаш категориясын көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылуу каралган эмес.

Министрликтен жогоруда айтылгандардын негизинде жана көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматын токтотуу чечимин кабыл алганын белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14215