Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды
RU

Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Бишкектеги мектептердеги билим берүү системасында акча талап кылуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында дагы бир директор акча талап кылганы аныкталды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Белгилесек, президенттин 2023-жылдын 26-майындагы жарлыгына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган.

Ал эми Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, борбордогу №26 мектептин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуу үчүн акча каражатын алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган.

Ошону менен бирге алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында мектептин администрациясынын катуу талап кылуу сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзгөн коомдук бирикмесинин учурдагы эсеби президенттин жарлыгына каршы келет.

Аталган факты боюнча 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14205