"Ош базары" менен автобекеттерди Бишкектин сыртына көчүрүү пландалууда
RU

"Ош базары" менен автобекеттерди Бишкектин сыртына көчүрүү пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Батыш жана Чыгыш автобекеттерин, "Ош базарын" Бишкектин сыртына чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэрдин айтымында, автобекеттер, "Ош базары" жана башка бир катар объектилердин чет-жакага чыгарылышы шаарды иретке келтирип, жашылдандырат.

"350дөн ашык кичиавтобус чыгыш багытында, 550дөй кичи автобус батыш багытында жүрөт. Алар шаарды аралап, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишет, бирок тыгындарды жаратып, экологияны бузуп жатышат.

Чыгыш автобекети айланма жолго көчүрүлүп, 8 гектар аянт даярдалууда. Батыш автобекети менен "Ош базары" айланма жолдун кесилишиндеги 100 гектар аянтта болот. Ошондо 1000ге жакын кичи автобустар шаарга кирбей, айлана-чөйрө тазаланып, тыгындар азайып, борбордун архитектуралык көрүнүшү жакшырат. Маселе президенттин көзөмөлүндө", - деди Абдыкадыров.

Мэр өзүнүн идеяларын президентке айтып, колдоо көрсөткөнүн кошумчалады. Ошол эле учурда Абдыкадыров базардын жетекчилиги менен баарын талкуулаганын жана алар каршы эмес экенин ишендирүүдө.

Мунун баарын 2024-жылдын жаз айларында ишке ашыруу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14225