"Орто-Сай" базарын Бишкектин чет-жакасына көчүрүү сунушталды
RU

"Орто-Сай" базарын Бишкектин чет-жакасына көчүрүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов ("Ынтымак") "Орто-Сай" базарын шаардын четине көчүрүүнү сунуштады. Бул туурасында депутат шаардык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Эргешовдун айтымында, "Ош базардын" жана "Орто-Сай" базардын жанынан өтүүгө мүмкүн эмес. Ал белгилегендей, базарды Бишкектин чет-жакасына чыгаруу шаардыктар үчүн ыңгайлуу болот.

Белгилесек, мэрия буга чейин "Ош базарын" шаардын четине көчүрүү маселесин бир нече ирет көтөрүп келген. Бирок соодагерлердин нааразычылыгынан улам демилге ишке аша элек. Ал эми "Орто-Сай" базарын көчүрүү демилгеси биринчи жолу айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12626