Ырчы Толгонай Арзыкеевага сөйкө салып кетишти
RU

Ырчы Толгонай Арзыкеевага сөйкө салып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү сөйкө салды. 3-сентябрда ырчынын сүйүктүүсү ата-энеси, жакындары менен барып куда түшүп, сөйкө салып кетишти.

Андагы сүрөттөр менен Толгонай Арзыкееванын курбулары бөлүшүп, ага бакыт каалашты. Сүрөттөрдөн сөйкө салуу, никелешүү каадалары жасалганын көрүүгө болот.

Ал эми анда тамадалык кылган Ирлан Таалайбеков ырчынын кыз узатуу тою болгонун айтат.

Белгилесек, Толгонай Арзыкееванын сүйүктүүсү июль айында баш кошуу сунушун жасаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14230