"Дордойдогу" соодагерлер контейнерлерин жаап, митингге чыгышты. Видео
RU

"Дордойдогу" соодагерлер контейнерлерин жаап, митингге чыгышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" соода базарындагы ишкерлер салыктын айынан нааразычылык акциясына чыгышты. Алар салыктын жогорулашы боюнча абалды түшүндүрмөйүнчө контейнерлерин ачпай турганын айтышат. Бул туурасында соодагерлер өздөрү Kaktus.media сайтына билдиришти.

Айтымдарында, учурда базардын администрациясынын жанына болжол менен 500дөй адам топтолду. Баары базардагы ишкерлер.

"Биз салыкчылардын салыкты жогорулатып жатканына нааразыбыз, иштөөгө мүмкүн болбой калды", - дешет акцияга чыккандар.

Соодагерлер белгилегендей, базарга Салык кызматынын төрагасынын орун басары келери күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14234