Мугалимдер мектептеги оңдоо иштерине директор мажбурлап жатканын айтышты
RU

Мугалимдер мектептеги оңдоо иштерине директор мажбурлап жатканын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуучулары аралыктан окуп жаткан Бишкектеги №32 мектептин мугалимдери Kaktus.media редакциясына кайрылып, нааразычылыктарын айтышты. Алар мектептеги оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүтпөй калып, директор мугалимдерди ремонт иштерине мажбурлап жатканын белгилешти.

"Мугалимдерди эртеден кечке оңдоо иштерине мажбурлап, иштен алуу менен коркутуп жатат", - дешет алар. Агай, эжейлер коридордо иштеп жаткан сүрөттөрү менен бөлүшүп, бирок көпчүлүккө чыгарбоону өтүнүштү.

Ал эми №32 мектептин директору Гүлмира Бектурова редакцияга билдиргендей, окуучулардын мектепке келип билим алуусун эртелетүү үчүн мугалимдерди тазалоо иштерине жардам берип коюусун суранган.

"Бүгүн эле сурангам. Айрым жерлерди жууп, шыпырып койсо эле бүттү. Эч кандай коркутуулар жок. Иштен алуу боюнча да сөз болгон эмес. Ооба, алар мындай кылууга милдеттүү эмес, бирок бир апта бою онлайн окуп калбоо үчүн мугалимдерден жардам сурадым. Алар өздөрүнүн бөлмөлөрүн тазалашат, коридорду шыпырышат, бирок жуубайт. Кайсы мугалимдердин аллергиясы бар экенин да билебиз, алар мындай иштерге катышпайт", - деди директор.

Мугалимдер тазалоо иштерине тартылса, сабактарды аралыктан ким өткөрөт деген суроого Бектурова: "Окутуу графикке ылайык онлайн жүргүзүлүп, мектептеги мугалимдер нөөмөт менен тазалык иштерин жүргүзүшөт", - деди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14237