Сузакта унаада бараткан жүргүнчүгө бир нече ирет ок атылган. Шектүү кармалды
RU

Сузакта унаада бараткан жүргүнчүгө бир нече ирет ок атылган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атып кетишкен. Шектүү колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Окуя 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда Daewoo Nexia унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга Hyundai Getz унаасындагы белгисиз адамдар бир нече жолу ок атышкан. Жүргүнчү денесинен оор жаракат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1995-жылы туулган Б.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14245