УКМК: Өлкөдөн алтын чыгарып жүргөн жаран менен аэропорттун кызматкерлери кармалды
1984
УКМК Кыргыз Республикасынан алтын чыгарып жүргөн аткезчилер менен бирге "Манас" эл аралык аэропортунун кызматкерлери кармалганын маалымдады. Коопсуздук комитеттин маалыматында алтын буюмдар Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташылганы айтылат.
Коопсуздук комитети көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого каршы ыкчам иш-чараларды жүргүзгөн. Анын алкагында 3-сентябрда саат 08:40 чамасында "Манас" аэропортунан Индияга учууга аракет кылган учурда Кыргызстандын жараны К.Н`нын жанынан салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Алынган алтын буюмдардын расмий документтери болгон эмес.
slide 2 of 3
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14259