Өзбекстандык компания Баткен облусунда көмүр казууну пландоодо
RU

Өзбекстандык компания Баткен облусунда көмүр казууну пландоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандык компания биргелешип көмүр казуу максатында Кыргызстандын кендерине инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надыр Бекжанов билдирди.

Айтымында, учурда Кыргызстандагы 2-3 кен боюнча Өзбекстандын компаниясы менен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Меморандумга буга чейин кол коюлган, ниет бар. Алар 10 миллион долларга жакын инвестиция салууга даяр. Азыр уруксат алуу иштери жүрүп жатат. Укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтер менен байланышкан маселелер чечилери менен бардык процедуралар аткарылып, үч айлык мөөнөттө чогулса, ишкана жаңы жылдан баштап даярдык иштерин баштайт. Ал эми кийинки жылы көмүр менен камсыз болушат деп ишенем", - деди Бекжанов.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын директорунун орун басарынын айтымында, кеп "Агропромстрой" ишканасы жөнүндө болуп жатат.

Бекжанов белгилегендей, алар өзбек өнөктөштөрүнө бир нече кендерди сунушташкан, бирок алар азырынча Баткен районундагы Урмизан кенине токтолушту.

"Алар азырынча ушул кенди тандашты. Башка сунуштарыбызды карап жатышат. Бизде Таш-Көмүрдөгү Теген участкасы бар, аны жана Сүлүктү - 11 участогун сунуштаганбыз. Алар бир участок боюнча боюнча конкреттүү макулдугун берди", - дейт.

Бекжановдун айтымында, акцияларды бөлүштүрүү боюнча буга чейин келишим түзүлгөн.

"Биз буга чейин эле жарыялаганбыз, Кыргызстан 40%, Өзбекстанда 60% болот деген позицияда турабыз. Ошол эле учурда бардык каржылык чыгымдар толугу менен өзбек тарапка - нөлдөн баштап акыркы продукцияны алганга чейин төлөнөт. Инвестор бүтүндөй каржы бөлүгүн өзүнө алат", - деп жыйынтыктады ал.

Ачык булактардан "Агропромстрой" концерни тууралуу эч кандай маалымат табылган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14260