Кыргызстан бир канча көмүр кенин Кытай менен бирге иштетет
RU

Кыргызстан бир канча көмүр кенин Кытай менен бирге иштетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргызстандагы бир катар көмүр кенин кытайлык компаниялар менен бирге иштетет. Бул тууралуу Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда айтылганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жалпысынан 29 документке (1 миллиард доллардан ашуун суммадагы) кол коюлган. Анын 9у көмүр тармагына байланыштуу.

Чек арадагы "Эркечтам" өткөрмө бекетине жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун жана "Торугарт" бекетине жакын жерге көмүр логистикалык борборун чогуу куруу боюнча келишимдер кабыл алынган.

Мындан тышкары Ак-Улак, Беш-Буркан, Тегене, Торугарт, Торугарт 1, Сүлүктү 11 талаа, Каракабак-Балыкты көмүр кендерин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишимдерине кол коюлду.

Жогорудагы келишимдер "Кыргызкөмүр" ишканасы менен кытайлык 5 компаниянын ортосунда кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14044