Тазабек Икрамов Акылбек Жапаров менен Бишкектин мэрин "элди тоноого" айыптады
RU

Тазабек Икрамов Акылбек Жапаров менен Бишкектин мэрин "элди тоноого" айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "элди тоноп жатат" деп айыптады. Ал мындай пикирин Facebook баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, Акылбек Жапаров менен Эмилбек Абдыкадыров кыш мезгили келе жатканда шаар тургундарына эки эң чоң "белек" даярдап жатышат.

"Жылытуу сезонунда Министрлер кабинети үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салып, аны менен катар жеке турак үйлөргө Кара-Кеченин көмүрүн пайдаланууну токтоткону турушат. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоодо. Кара-Кеченин көмүрүнүн өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот.

Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрүнүн сапаты жакшы деп айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздегидей эле кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн.

Экинчи маселе. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө 5-6 окуучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет.

Өкмөттүн эки жоопту чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат.

Элди мынчалык тоногудай Акылбек Жапаров менен Эмилбек Абдыкадыров Гондурастан келишти беле?", - деди Икрамов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14286