Бишкекте Кара-Кече көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды
RU

Бишкекте Кара-Кече көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кара-Кече көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надыр Бекжанов билдирди.

Ал белгилегендей, мындай чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан абанын булганышы боюнча абалды жакшыртуу максатында кабыл алынган. Белгилей кетсек, Кара-Кечи көмүрү борбор калаадагы түтүндүн себептеринин бири.

Мэрия былтыртан бери Кара-Кече көмүрүн колдонууга чектөө киргизүү маселесин талкуулап келет. Быйыл бийлик сөздөн ишке өтүүнү чечти. Буга чейин энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Kaktus.media сайтына Кара-Кече кенинен борборго көмүр ташып келүү кантип токтотуларын жана анын орду эмне менен толтуруларын айтып берген.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кара-Кече көмүрүн колдонууга Бишкек шаарынын калкы үчүн гана тыюу салынат. Чектөө Бишкек ЖЭБге жайылтылбайт дейт "Кыргызкөмүр" ишканасынын директорунун орун басары.

"Көмүр мурдагыдай эле көлөмдө казылып алынат, биз күз-кыш мезгилинде жылуулукту былтыркы сезондогудай эле тартипте беребиз. Быйыл ЖЭБге 650 миң тонна Кара-Кече көмүрү, 550 миң тонна казак көмүрү келет. ЖЭБге атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтуучу фильтрлерлер коюлган. Буга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, фильтрлер өз убагында тазаланып же алмаштырылып турат", - деди Бекжанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14256