Депутат: Паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл Кыргызстанга да керек
RU

Депутат: Паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл Кыргызстанга да керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзам керек дейт. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ал коңшу Өзбекстанда паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганын, мындай мыйзам Кыргызстанга да керектигин белгиледи.

"Акыркы күндөрү капкара кийинип, көзүн гана көрсөтүп алгандар көбөйүп баратат. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, бирок бетин жаап, өзүнүн идентификациясын чүмкөп алуу улуттук коопсуздукка таасирини тийгизет. Мен мурда дагы бул маселе боюнча айткам. Дин башкармалыгына катуу тапшырма берип, мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөк болбой калды", - деди ал.

Белгилесек, Шарапаткан Мажитова апрель айында да Кыргызстанда айымдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салууну сунуштаган. Анда эл өкүлү Оштогу социалдык жардамды тапшыруу иш-чарасына баргандардын арасында паранжа кийген аялдар көп болгонун билдирген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14291