Алдамчылыкка шектелген аялдын 4 баласы бар. Акыйкатчы келинди камакка албоого чакырды
RU

Алдамчылыкка шектелген аялдын 4 баласы бар. Акыйкатчы келинди камакка албоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин ири суммадагы алдамчылыкка шектелген келин аэропорттон кармалганын маалымдаган. Милициянын маалыматына караганда, келиндин үстүнөн Бишкек, Ош шаарларынын тургундары арызданып, келтирилген зыян дээрлик 1 млн долларга жакын болгон.

Бирок шектүүнүн апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркайы бар экенине карабай кармап кетип, анын укугун бузганын айткан. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту милицияны аялдын укуктарын камсыздоого чакырды.

Институттан билдиришкендей, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К.Адан кабар алышкан. Келин Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан баласы үчүн тынчсыздануусун билдирген.

Институттун кызматкерлери ымыркай дарыланып жаткан оорукананын жетекчилиги менен байланышканда баланын абалы оор экени, ал реанимацияда жатканы маалым болду. Акыйкатчы институту эне менен баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Институттун кызматкерлери келиндин ишине мониторинг кылууну улантат.

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова келиндин баш коргоо чарасын кабыл алууда баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну белгилеп сотко кайрылды.

"Кармалган аялдын жашы элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз", - деген Токтосунова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14302