Жалал-Абад ОИИБине президенттин атынан эки унаа тапшырылды
RU

Жалал-Абад ОИИБине президенттин атынан эки унаа тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына президент Садыр Жапаровдун атынан 2 унаа тапшырды. Маалыматты облустук милициядан редакцияга билдиришти.

Унааларды тапшыруу аземи бүгүн, 9-сентябрда болду. Анда мамлекет башчынын атынан Toyota Corolla жана Mercedes-Benz Sprinter унааларынын ачкычтары ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасына тапшырылды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, президент 29-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда облустук милицияга белек берип жибере тургандыгын айткан.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту сактоого, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, кылмыштуулук менен тайманбастан күрөшүүгө чакырды.

Милициянын техникалык базасын чыңдоого мындан ары дагы көңүл бурула тургандыгын, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылып, биргеликте тынчтыкты сактоо керектигин белгиледи. Ошондой эле спецназдын жумушуна токтолуп, алардын кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү ордун белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14330