Жогорку Кеңештин комитети эки министрди дайындоого макулдук берди
RU

Жогорку Кеңештин комитети эки министрди дайындоого макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди, ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрине Гүлнара Баатированы дайындоого макулдук берди. Талапкерлерди 11-сентябрдагы жыйында президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абышев тааныштырды.

Депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд Кыргызстанга ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү үчүн 29 миллион доллар бөлгөнүн эске салды.

"Жогорку Кеңеш бир катар тапшырмаларды берген, бирок алар аткарыла элек. Каражаттарды башкаруучу комитеттин жаңы курамы бекитиле элек. Бул гомосексуалисттерди колдоого эмес мамлекеттин пайдасына кетүүгө тийиш болгон чоң акча. СПИД, кургак учук менен ооругандардын саны өсүүдө, бул маселеге чекит коюшуңар керек", - деди ал Бейшеналиевге кайрылып.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине талапкер бүгүн түштөн кийин Глобалдык фонддун каражаты боюнча менен жолугушуу болорун билдирди.

Ошондой эле Садырбаева 7-сентябрга чейин Саламаттыкты сактоо министри кызматын аркалаган Баатировага Фтизиатрия институтунда иштебей турган автоклавтар тууралуу маалыматты иликтеп, иликтебегенине сурады. "Бул абдан чоң резонанс, эл арасында баш аламандыктарды жаратышы мүмкүн. Эгер бул жалган маалымат болсо аны тараткандарга кандайдыр бир чаралар көрүлдүбү? Муну терроризм катары баалоого болот", - деди депутат.

Баатырова фтизиатрия институтунда жалган маалымат тараган деп жооп берди. Анын айтымында, бир автоклав иштен чыкканда экинчиси иштеп турган. Туура эмес маалымат тараткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Депутат аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин белгиледи.

Депутат Ырысбек Атажанов Бейшеналиев баштаган реформаларды аягына чыгара албаганын эске салды.

"Эгер мени колдосоңуз, мен баарын аягына чейин чыгарам", - деп жооп берди Бейшеналиев.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү эки талапкерди тең жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14344