Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты
RU

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, президенттин дагы бир жарлыгы менен Гүлнара Баатырова Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14297