ЖМКлар Рустам Жапаровдун достору Хабибула Абдукадырдын бизнес өнөктөшү экенин аныкташты
RU

ЖМКлар Рустам Жапаровдун достору Хабибула Абдукадырдын бизнес өнөктөшү экенин аныкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

OCCRP, Temirov LIVE жана "Клооптун" журналисттери "Президент Жапаровдун уулунун достору Хабибула Абдукадырдын бизнес-өнөктөштөрү болуп чыкты" деген аталыштагы иликтөө жасашты.

Анда бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эң ири эки курулуш долбоору - "Ыйман борбору" мечити жана "Бишкек Сити Борборунун" инвестору Борбордук Азия чөлкөмүндөгү соодагер монополист Хабибула Абдукадыр экени айтылат.

"Эки долбоор боюнча Абдукадырдын шериги болгон курулуш компаниясынын ээси жөнүндө дээрлик маалымат жок. Курулуш тармагында эч тажрыйбасы болбогон бир компания. Компаниянын ээси президенттин уулунун досу - Арген Кадырбеков. Рустам менен Арген экөө тең 1997-жылы туулган, ар түрдүү иш-чараларга чогуу барып, бир достор тобу менен катышышат, соцтармактарда чогуу түшкөн сүрөттөрүн бөлүшүшөт. 2016-жылы Рустам Кадырбековдун үйлөнүү тоюнда конокто болгон", - деп айтылат иликтөөдө.

Журналисттер мурда президенттин жакындарына таандык болгон батир азыр Кадырбековдун жубайына таандык экенин аныкташкан.

"Президенттин уулунун дагы бир досу Дастан Эрмекбай уулу Абдукадырдын Tashkent Trade Center өзбек компаниясы менен биргеликте ачылган эки ишкананын ээси жана директору. Абдукадыр менен бирге Кытай чек ара бекетине жакын жер тилкесин ижарага алган бир соода-сатык компаниясын ээлейт.

Абоненттин номери анын байланыштарынын арасында кандай жазылганын көрүүгө мүмкүн болгон GetContact тиркемесинде, Эрмекбай уулунун кеминде алты таанышы президенттин уулу Рустам Жапаровго шилтеме жасап, анын номерин сактап калганы көрүнүп турат: "Дастан Друг Рустама 01" же "Дастан Охрана Рустам". Анын аты дагы бир канча учурда президенттин өзүнө же биринчи айым жетектеген, кийин бирок жоюлуп кеткен "Үмүт булагы" фондуна таянып жазылган: "Садыр Дастан", "Дастан Жапаровдун штабы", "Дастан (Президент)" жана "Дастан Үмүт Булагы".

Эрмекбай уулу Жапаровдун өзү менен да иштешкен. 2020-2021-жылдары Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондо анын шайлоо штабында иштеген. Бул маалыматтарга таянсак президент Жапаровдун бул долбоорлорго жана Абдукадыр менен байланышы бар деген ойлорду жаратат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, журналисттер иликтөө жасап жатканда бардык адамдар менен байланышууга аракет кылышкан, бирок алар жооп беришкен эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14358